Урматтуу мекендештер!

Үстүбүздөгү жылдын 21-февралынан тартып 2-мартына чейин Италияга боло турган консулдук чыгышка байланыштуу Элчилик төмөнкүлөр тууралуу маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-майындагы № 294-токтомуна ылайык 2017-жылдын 1-декабрынан тартып КРдин ЗАГС органдары тарабынан жарандык абал тууралуу актыларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө күбөлүктөрдүн жаңы үлгүдөгү бланктары берилүүдө (төрөлгөндүгү, никеге тургандыгы, ажырашкандыгы, аты-жөнүн өзгөрткөндүгү, дүйнөдөн кайткандыгы, баланы асырап алгандыгы, аталыгын аныктагандыгы тууралуу күбөлүктөр).
Төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн жаңы үлгүдөгү бланктары, ошондой эле тиешелүү жабдуулар Элчиликте жок болгондугуна байланыштуу, жогоруда аталган консулдук чыгыш учурунда балдардын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жана балдарга жалпы жарандык паспортторду берүү үчүн документтерди кабыл алуу жүргүзүлбөйт.

Бардык суроолор боюнча (+41 22) 707 92 24 телефон номерине чалып же Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук дарегине жазып кайрылсаңыздар болот.